Бишкектеги унаа уурдоого шектелип, 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Бишкектеги унаа уурдоого шектелип, 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү милиция кызматкерлерине 43 жаштагы А.Н. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам Ибраимов көчөсүндө токтоп турган Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Учурда 17 жаштагы К.Ж. кармалып, Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан