Узарбек Жылкыбаев: “Текебаев менен Бакиевдин жолукканы чын болсо, чыккынчылык деп эсептейм”

Бүгүн, 16-февралда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиевдин жолугушуусу тууралуу маалыматты текшерүүнү сунуштады.

"Чет элдик ММКларга Текебаевдин Бакиев менен жолукканы жөнүндө маалымат чыкты. Ушул боюнча иликтөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тапшырма берүүнү сунуштайм. Эгерде Текебаевдин канча жигиттин өлүмүнө себеп болгон Бакиев менен жолукканы чын болсо, кыргыз элине болгон чыккынчылык деп эсептейм. Тез арада иликтеп чыгышын сунуштайм", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, 11-февралда Түркия порталы Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиев Кипрде жолугушту деп жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан