Ирина Карамушкина: "Өмүрбек Текебаев президенттин Кипрдеги байлыгын тапса, далилдеп берсин"

"Өмүрбек Текебаев мамлекет башчынын Кипрдеги байлыгын тапса, далилдеп берсин", - деди бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина (КСДП).

"Түркиялык басылмалар биздин кесиптешибиз Өмүрбек Текебаевдин Кипрде Курманбек Бакиев менен жолукканын жазып чыгышты. Текебаев мырза акчалай колдоо алып, жазадан качып жатабы? Акыркы мезгилде ал улам-улам президентке каршы болбогон маалыматтарды таратып жатат. Улуттук коопсуздук комитетин Текебаевдин жүрүш-турушуна көңүл бурууга чакырат элем. Ал кимдин акчасына интригаларды жасап жатат? "Президенттин Кипрдеги байлыгы бар" дептир, айтканын далилдеп берсин", - деди Карамушкина.

Айта кетсек, 13-февралда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Менин Кипрдеги досторум Атамбаевдин бизнес кызыкчылыктарын таап берүүнү убадалашты. Бардыгына белгилүү болгондой, мен Атамбаевдин жеке ишкердигин иликтеп жатам. Азыркыга чейин кээ бир маалыматтарды таптым. Кипр - бул жөнөкөй арал эмес, бул офшордук аймак. Белиз алыс, Кипр болсо жакын. Кипрге мен жеттим. Менин оюмча, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн сырларын ачыкка чыгаруу жолундамын", - деп журналисттерге айткан.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаевдин бул билдирүүсүн иликтөөнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан