ЖЫЛНААМА, 16-ФЕВРАЛЬ: 111 жыл мурун шахмат боюнча дүйнөнүн биринчи аял чемпиону Вера Менчик төрөлгөн

Мындан 111 жыл мурун, 1906-жылы 16-февралда Аялдардан чыккан шахмат боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону Вера Менчик Москвада жарык дүйнөгө келген. 9 жашында шахмат ойногонду үйрөнгөн. 1921-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп, Гастин шахмат клубунун мүчөсү болгон. 1925-жылы Улуу Британиянын чемпионун утуп, 1926-1927-жылдары Улуу Британиянын кыздар арасында өткөн ачык чемпиондугун жеңген. 1927-жылы айымдар арасында Лондондо өткөн Дүйнөлүк чемпиондукту жеңип, жашоосунун акырына чейин дүйнө чемпиону болгон.

1929-жылы мырзалардын турнирлерине катыша баштаган. Шахматчы Альберт Беккер Вера Менчиктен утулган мырзалардан турган "Вера Менчиктин клубун" негиздөөнү сунуштаган. Ал клубка алгач өзү Беккер мүчө болгон. В.Менчик 1944-жылы 27-июнда Лондонго кол салуудан немис ракетасынан каза болгон. Кийин айымдар арасында өтүүчү Дүйнөлүк шахмат олимпиадасын уткан командага берилүүчү кубок Вера Менчиктин атынан коюлган.

16-февралга карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dante
2017-02-16 14:27:54
Шахмат эн жакшы оюн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан