SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, сакалы бар балдар менен өбүшүүгө кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Менин кыжырым кайнап кетет. Оозуна жакындап-жакындай электе сакалы сайгылап жинге тиет. Ошон үчүн өзү деле билип тез-тез алып турат".
"Сакалы сайгылап "кайф" берет да кайра. Сакалың катуурак болсо тырмап ойнойсуң моюндарынан".
"Мага сакалы, бакенбарды бар жигиттер жагат".
"Мен да бир убактарда сакалдуу болгон жакшы деп ойлочу элем. Азыр болсо сакал алгыч түтпөй азап. Сакалдууларды жактыргандар жок эмес экенин жеке тажрыйбамдан билем".
"Менин бир досум бар эле, сакалы бар балдарды жактырчу. А мага жакпайт".
"Сакал, мурут, денесиндеги түктөр эркекти ургаачыдан айырмалап турат да, жылтырап жылмакай болуп турса эркек адам "ышталган өрүктөй".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.