Белгияда Атамбаев өлкөнүн падышасы жана Европа комиссиясынын төрагасы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 16-февралда Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү келишимдерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Мындан тышкары президент Атамбаев Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушуу өткөрдү. Анда тараптар Кыргыз мамлекети менен Бельгия ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан