Америкалык актриса, дизайнер, ырчы жана фотомодель Пэрис Хилтон 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 17-февралда Нью-Йоркто төрөлгөн. Пэрис Хилтон үй-бүлөлүк бизнесинин, "Hilton Hotels" мейманканалар тармагынын мурунку мураскору. Аны "Жөнөкөй жашоо" аттуу реалити-шоу белгилүү кылган.
2000-жылы Дональд Трамптын "T Management" моделдик агенттиги менен келишим түзүп, профессионалдуу модель болгон. Кийинчерээк Нью-Йоркто "Ford Models Management", Лондондо "Models 1 Agency", Лос-Анжелесте "Nous Model Management" жана Лондондо "Premier Model Management" агенттиктеринде иштеген. Хилтон белгилүү "Iceberg", "GUESS", "Tommy Hilfiger", "Christian Dior" жана "Marciano" бренддеринин жарнамаларына чыгып, журналдар үчүн тартыла баштаган. 2005-жылы "Мом фигуралар үйү" тасмасында экинчи катардагы ролу үчүн Teen Choice Awards сыйлыгын алган.
2006-жылы Хилтон "Саркечтер" жана "Шоколаддагы сары чачтуу" аттуу тасмаларда башкы ролдорду жараткан. 2008-жылы "Сулуу жана түрү суук" жана "Рипо! Генетикалык опера" аттуу тасмаларындагы ролдору үчүн "Алтын малина" сыйлыгын алган. 2006-жылы 22-августта алгачкы "Paris" жеке альбому чыккан.
Жеке жашоосу
2000-жылы П.Хилтон актриса Памела Андерсондун мурдагы жолдошу Рик Саломон менен сүйүү мамилесинде болгон. Андан кийин Жейсон Шо, Ник Картер, Пэрис Латсис, Ставрас Ниархос, Бенджи Мэдден, Дуг Рейнхард, Леонардо ди Каприо, Ривер Виипери жана Томас Гросс аттуу миллионер менен мамиле курганы айтылат.
17-февралга карата жылнаама.