Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясы, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы, Бишкек шаарынын патрулдук милициясы Рыскулов, Бейшеналиев, Москва жана Павлов көчөлөрү менен чектелген аймакты текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи бүгүн, 17-февралда кабарлады.
Текшерүүнүн максаты кылмыштуулукту, тартип бузууну, мыйзамсыз башаламан соода жүргүзүүнү жана "Ош" базарына жакын жердеги чарба жүргүзүүчү субъекттердин мыйзамсыз иш аракеттерин алдын алуу.
"2 этаптан турган текшерүүнү жалпысынан 63 кызматкер аткарган. 1-этабы 8:00дөн 20:00гө чейин болгон, 2-этабы 20:00дөн 4:00гө чейин уланган. 115 үй, 229 жаран текшерүүгө алынып, 65 жаранга административдик протокол түзүлгөн. Ошондой эле 40 тартип бузган жаран Ленин РИИБине жеткирилишкен. Ал эми жеке мейманканалар текшерүүгө алынганда интимдик кызматын көрсөткөн 16 кыз кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары документтердин каттоо эрежелерин бузган Индонезиянын 3 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалып, 40 миң сом өлчөмдө айып салынган.