Бүгүн, 17-февраль күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин жана башкалардын иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Жарыш сөзгө чыккан Самаковдун жактоочусу Бакыт Асамудинов кардарынын күнөөсү далилденбегенин айтты.
"Карганбек Самаковдун иш-аракетинде эч кандай кылмыштын курамы жок. Мындан улам аны актоону өтүнөм", - деди Асамудинов.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялоо менен 19 жылга, анын баласы Кубанычбек Самаковду 18 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ошондой эле Искендербек Айдаралиев менен Игорь Чудиновду 11 жылга, Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди 18 жылга жана башка кылмышка катыштыгы бар адамдарды 18 жылга чейин камоону өтүндү.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.