Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш Мальдив аралдарынын суперкубогун жеңди. Ал “Мазия” командасы менен 16-февралда өткөн “Валенсия” командасын 1:0 эсебинде утуп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары маалымдайт.
Белгилей кетсек, Павел Матяш “Мазия” командасына үстүбүздөгү жылдын январь айында кайрадан кошулган. Дарбазачы 2015-жылы ушул командада ойноп келген.
Павел Матяш быйыл Мальдив аралдарынын “Мазия” командасы менен АФК Кубогуна да катышмакчы.