Бакыт Төрөбаев: “ЕАЭБдин 18 техникалык регламентинин абалы тууралуу президентке кайрылып, кат жазабыз”

“ЕАЭБдин 18 техникалык регламентинин абалы тууралуу президентке кайрылып, кат жазабыз”, - деп бүгүн, 17-февралда “Өнүгүү-Прогресс” фракциянын жыйынында лидер Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти коопсуздукту сактабайт. “Бул боюнча ким жоопкерчилик алат? Президентке кат жөнөтөлү, ал өзүнүн баасын берсин. Өткөндө биздин фракция жабык эшик артында өкмөттүн отставкасы тууралуу караганда кээ бир депутаттар каршы болгонсуңар. Мына бүгүн далилдерди көрүп жатасыңар”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңеште аталган фракциянын жыйынында ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти боюнча каралды. Анда өкмөт мүчөлөрү келип маалымат беришти. Көпчүлүк учурда лаборатория жок болгондуктан техникалык регламент талаптары 60-70 пайыз аткарылып жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан