Окумуштуулар аялзатынын эң жагымдуу бийинин үлгүсүн көрсөтүштү

Улуу Британиянын Нортумбрия университетинин окумуштуулары бийчи кыздардын жагымдуу кыймылдарын анализдеп, идеалдуу бийдин үлгүсүн түзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул изилдөө Nature журналында жарыяланган.

"Албетте арабызда табиятынан таланттуу бийчилер бар, бирок алар да окумуштуулар түзгөн үлгүнү көрүп алышы керек", - деп жазышкан басылмалар.

Изилдөөгө 18 жаштан 30 жашка чейинки 39 кыз катышкан. Алардын бийин 57 эркек, 143 аял баалашкан. Окумуштуулар алардан ар бир бийчинин жагымдуу көрүнгөн кыймылына көңүл бурууну өтүнүшкөн. Жыйынтыгында бий айкалышып, эркектерге гана эмес, аялдарга да жагышы үчүн атайын кыймылдарды өз кезегинде аткаруу керектиги аныкталган.

"Фавориттердин арасында денесинин ылдый жагын көп кыймылдаткан бийчилер болгон, ал эми колдору менен көп бийлегендер анча жагымдуу көрүнүшкөн эмес. Мындан улам окумуштуулар идеалдуу бийдин үлгүсүн түзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Ушул себептүү кыздарга бийлеп жатканда денесинин жогору жагын да, ылдый жагын да тең катыштырып, колдорунун жана сандарынын жай кыймылын кошуу сунушталат.

Идеалдуу бий
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Doni99
2017-02-17 17:09:31
Yaman biileitkoo
+1
AKCHA
2017-02-17 17:29:43
хе хе хе))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан