КҮНСЕРЕП: Салянова, Шыкмаматов... Кезек Текебаевдеби?

Бүгүн, 17-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Европадагы сапарында президент Алмазбек Атамбаев Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда Кыргыз Республикасы менен Бельгиянын, Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Өзгөчөлөнгөн учур - Дональд Тусктун Кыргыз президентинен кийинки ажолукка "мураскер" ким экенин сураганы болду. Ал "келерки президент жана сиздин мураскер ким болорун билесиз деген үмүттөмүн" деп сурап, Атамбаев шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөрүн, бирок кимдин президент болорун билбей турганын айтты. Бул диалог Европа Кеңеши Кыргыз жеринде шайлоонун таза өтөрүнөн күмөн санайт деген ойду жаратат. Бирок Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин билдиришинче, Европа лидерлери Кыргыз Республикасындагы демократияга жакшы баа беришип, президент Атамбаевди "демократиянын архитектору" деп аташты. Атамбаев Европа лидерлерин өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы туура экенине ынандырганын да билдирди ТИМ жетекчиси...

"Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура “2011-жылы Эсептөө палатасы тендер жарыялабай туруп 2 фирма менен сүйлөшүп алып, 5 кызматтык унаа сатып алган. Тендер боюнча документтерди кийин жасап коюшкан. 5 машинанын бири Алмамбет Шыкмаматовдун аялына тийиштүү болгон. 2011-жылы Эсептөө палатасы Мерседес унаасын 14 637 долларга, базар баасынан 4 миң долларга кымбат сатып алган. Тендердик комиссиянын төрагасы Ж.Иманалиев менен комиссия мүчөсү А. Шыкмаматов бул иштерди сүйлөшүп алып жасашкан. Мамлекеттик каражаттын максаттуу жана мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлдөшү керек болгон Эсептөө палатасынын кызматкерлери ошентип, мамлекетке чыгаша келтирүүчү келишим түзүшкөн” деп айыптоодо. Кылмыш иши “коррупция”, “кызматтык жасалмалуулук” беренелери боюнча козголуп, материалдар иликтөө жүргүзүү үчүн УКМКга жөнөтүлдү.

Бул бийликти активдүү сындап келе жаткан экинчи “ата мекенчи” депутатка козголгон кылмыш иши. Саясий тирештен улам "ата мекенчилердин" илгери кетирген катачылыктары калкып чыга баштады. Буга чейин Аида Саляновага каршы да “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шыкмаматовго байланыштуу 2011-жылкы окуянын 6 жылдан кийин дал ушул маалда ачылышы коомчулукта суроо жаратты. Бул аракет саясий куугунтукпу? Европада иш сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев “жыл аягында өзүм менен кошо ичи тар саясатчыларды ала кетем. Саясатка жаш, жаңы элита келиш керек”, - деп комментарий берди. Алгач Салянова, эми Шыкмаматов... Президенттин кебине караганда саясий тирештин кийинки баскычы Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш ишинин козголушу болот. Ар бир бийликтин мөөнөтү аяктап бара жатканда Өмүрбек Текебаев жана анын командасына каршы мындай иштер, кылмыш иштерин козгоо, камоолор орун алат. Кыргыз өлкөсүндө бул көрүнүш трендге айланганы калды...

Бишкекте имараттан кулаган 5 адамдын үчөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгердин билдиришинче, жабыркагандардын биринин омурткалары сынып кетсе, экинчисинин бут сөөгү катуу жабыркаган. Үчүнчү адамдын мээси чайкалган. Кырсык 16-февралда Бишкектин Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имаратта болгон, себептери так айтылбай жатат. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өкүлү Жоодарбек Атакеев имаратта тийиштүү коопсуздук эрежелери сакталганын айтууда. Имаратты "Мурас-Спорт" ЖЧКсы куруп жатат. Кырсык боюнча атайын комиссия түзүлдү, 15 күндүн ичинде жыйынтык чыгарат. Комиссия коопсуздук эрежелери сакталган эмес деп чечим чыгарса, анда тийиштүү адамдарга айып пул салынат.
2017-жылдын 3-февралында Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу имараттан 1 жумушчу кулап түшкөн. 2016-жылдын февралында Бишкекте курулуп жаткан имараттардан 2 адам куласа, март айында 1 адамды кулаган дубал басып калган. Мындай окуяларды дагы улантып айтууга мүмкүн. Курулуш компаниялары куруучуларга тийиштүү коопсуздук шарттарын түзүп берүүгө милдеттүү. Алар тийиштүү талаптарды сактап жаткан-жатпаганын мына ушундай окуялар ачыктап коюуда. Коопсуздук талаптарын сактабаганы үчүн деп кайсы бир компания жетекчилигинин жоопко тартылганын уккан жан жок. Жаңы имараттардын өрт коопсуздугу да ишенимдүү эместигин курулушу бүтүп-бүтө электе өрт чыгып жаткан көп кабаттуу үйлөр далилдеп жатат. Курулуш ээлери имаратты эптеп куруп бүтүрүп, пайда көрүүнү биринчи орунга койгон шартта мындай кырсыктар дагы кайталанышы мүмкүн. Жооптуу адамдардын шалаакылыгы ушинтип бейкүнөө өмүрлөрдүн кыйылышына, адамдардын майып болушуна жол ачат...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан