Орусиянын Астрахань облусунда чек арачылар Кыргыз өлкөсүнөн бара жаткан 20 тонна кургатылган жемишти өткөрбөй коюшту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жергиликтүү Чек ара башкармалыгына таянып жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жүк Орусиянын түндүк кавказ аймактарына жеткирилиш керек болчу. Жүк ташуучуда кургатылган жемиш боюнча тиешелүү документтер жок болгондуктан жүк артка жөнөтүлдү.