ЖЫЛНААМА, 19-ФЕВРАЛЬ: 20 жыл мурун кытайлык саясатчы жана реформатор Дэн Сяопин каза болгон

Мындан 20 жыл мурун, 1997-жылы 19-февралда кытайлык саясатчы жана реформатор Дэн Сяопин Пекинде каза болгон. Ал 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясындагы Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн болгон. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенет.
1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын катчысы болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылышкан. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Анын ысымы 1996-жылы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.

19-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан