Башкы прокуратура Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдун туугандары канча салык төлөгөнүн текшергени жатат

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун туугандары 2005-2016-жылдары канча салык төлөгөнүн текшергени жатат. Бул ишти аткаруу боюнча Мамлекеттик салык кызматына тиешелүү расмий өтүнүч кат жөнөтүлдү.

Ага ылайык, тизмеге жалпысынан 26 адам киргизилди. Алардын арасында аталган депутаттардын балдары, жакын туугандары жана туугандарынын балдары. Мисалы, тизмеде Өмүрбек Текебаевдин 8 жаштагы кызы Айсара жана 88 жаштагы апасы Тилла Текебаева да бар.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөрүн айткан эле. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталууда. Ал эми "ата мекенчилер" бул документтердин жасалма экенин, бийлик оппоненттерин курулай каралоого өткөнүн айтып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан