SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кийинки айлампасы старт алды.
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт. Бул тууралуу 15-февралда президент Алмазбек Атамбаев менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жолугушуусунда айтылды.
Сурамжылоонун 6-февралдан 20-февралга чейинки айлампасында алдынкы бештикте орчундуу деле өзгөрүү болгон жок. Эске салсак, мурдагы сурамжылоодо бир нече айдан бери алдыда келе жаткан Адахан Мадумаров ордун Чубак Жалиловго бошоткон. Эки апталык сурамжылоодо бул орундар сакталды. Алдынкы бештикте Чубак Жалилов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев келе жатышса, бешинчи орунда Сапар Исаков менен Темир Сариев тең келе жатышат. Сариевдин рейтингдеги жогорулоосуна анын "Ак шумкар" партиясынын атынан расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү себеп болушу ыктымал.
Бир пайызга жетпеген добуш алганына карабай президенттикке талапкер катары катышарын расмий түрдө билдирген Турсунбек Акун тизмеде калды.
КСДП фракциясы президенттикке талапкер катары кимди көрсөтөрүн сыр сактап, интриганы кармоодо. 13-февралда айрым маалымат булактар КСДПнын атынан Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов көрсөтүлөрүн жазып чыкты. Ошол эле күнү КСДП фракциясы президенттикке көрсөтүлчү талапкер боюнча чечим чыга электигин билдирди. Талапкерлер арасында Кулматов аталгандыгына байланыштуу кийинки сурамжылоонун тизмесине анын ысымы кошулду.
Буга чейин Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев окурмандардын суроосу менен сурамжылоого катышып, бирок 1 пайыздан аз добуш алып калгандыгына байланыштуу добуш берүүдөн четтетилген. Белгилүү болгондой, Төрөбаев келерки президенттик шайлоого катышарын фракциянын 10-февралдагы жыйынында расмий түрдө жарыялаган. Ошол себептен сурамжылоонун бул айлампасына Бакыт Төрөбаев да киргизилди.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыңыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 20-февралда саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.