Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдыда боло турган отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу маселелери отурумда талкуулана турганы айтылды.

“Бул стратегия өлкөнүн узак мөөнөт бою өнүгүшүнүн негизги багыттары белгиленген ушундай стратегиялык документтин, бөтөнчөлөнгөн “жол картасынын” болушу зарыл экенин көрсөттү”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдыда боло турган отурумуна кылдат даярданууну камсыз этүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан