107 миң сом айлык алган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин айлык маянасы 20 пайызга кыскарып, 85 600 сом болду. Бул тууралуу 20-февралдагы маалымат жыйында жетекчи өзү билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары анын айлыгын кыскартууну айтып чыгышкан эле. Ошондой эле компания иштебей жатканын айтып сындашкан.
Бактыбек Шамкеев бул боюнча: "Бүгүнкү күндө иштер жүрүп жатат. Биздин дарегибизге айтылган сынды негизсиз деп эсептейм", - деди.