Санкт-Петербургда "Этнопарк" көргөзмөсүндө кыргыз элинин маданияты, салты даңазаланды. Бул тууралуу мекендешибиз Тамила Маматова бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
"Биздин боз үй, көрсөткөн үрп-адаттарыбыз өзгөчөлөнүп баарын өзүнө тартып турду. Көргөзмөбүз жана мен жасаган мастер-класс да өзгөчө болду. Эжекелер бешикке наристени таңып, терметкенде бардык эл таң калды", - деди Маматова.
Маалыматка ылайык, этнографиялык музейдеги көргөзмөнүн уюштуруучулары 400 интерактивдүү, маданий иш-чараларды, семинарларды даярдашкан. Мындан сырткары мастер-класстар, интеллектуалдык оюндар өтүүдө.
Музейде Орусиянын аймагында жашаган элдердин үйлөрү курулган: боз үй, алачык, сакля, жыгачтан салынган үй. "Этно короолор" иш-чарасында көрүүчүлөргө ар кайсы улуттун ырым-жырымдары, фольклордук салттары, күнүмдүк жашоолору көрсөтүлдү. Ошондой эле улуттук кийимдердин көргөзмөсүн өткөрүү да пландалган.