Учурда "Алгач алар менин атамды өлтүрүштү. Камбоджа кызынын эскерүүсү" (First They Killed My Father) тасмасына байланыштуу Камбоджа өлкөсүндө жүргөн актриса Анжелина Жоли алгачкы жолу Брэд Питт менен ажырашуусу жана бул окуя алты баласына кандай таасир эткени жөнүндө ВВС телеканалына айтып берген. Жеке жашоосу тууралуу сөз болгондо ал өзүн кармана албай, көзүнө жаш алган.
"Мен бул тууралуу көп айткым келген эмес. Биз мурункудай эле бир үй-бүлө бойдон калдык жана дайыма ошондой болот. Бул окуя чынында абдан оор болду. Билем, көпчүлүк башынан ушундай учурду өткөрүшкөн", - деген актриса өзү да, Брэд Питт да учурда бүт көӊүлүн балдарына бурушканын билдирген.
"Колумдан келет, баарыбыз күчтүү болуп, бири-бирибизге жакын болуу үчүн бул кырдаалдан чыгуунун жолун табам", - деп кошумчалаган актриса.