Америкалык музыкант, "Backstreet Boys" тобунун мүчөсү Брайан Литтрелл 42 жашка толду. Ал 1975-жылы 20-февралда АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарында төрөлгөн. Балалыгынан эле апасын ээрчип баптисттердин чиркөөсүнө барып жүрүп, ал жактан хордо ырдай баштайт. Ал эми “Backstreet Boys” тобуна 1993-жылы апрель айында жакын тууганы Кевин Ричардсон аркылуу кабыл алынган. 90-жылдардын ортосунда аталган топ дүйнөдөгү эң популярдуу топтордун катарына кирген. 2001-жылы "Backstreet Boys" коммерциялык жактан эң ийгиликтүү өспүрүмдөрдүн вокалдык командасы катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ошол мезгилге чейин алар "Backstreet Boys", "Backstreet's Back", "Millennium", "Black & Blue жана "Greatest Hits - Chapter One" деп аталган жыйнактарын чыгарган. Учурда Б.Литтрелл кайрымдуулук иши менен алектенип, жеке ырчы катары дагы карьерасын улантып жаткан кези.
Жеке жашоосу
1997-жылы 15-июнда "Backstreet Boys" тобунун "As long as you love me" ырынын клиби тартылып жатканда актриса жана модель Лиэнн Уоллес менен таанышып, 3 жылдан кийин ага баш кошкон. Экөөнүн ортосунда Бэйли аттуу уулу бар.
20-февралга карата жылнаама