Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү "бейбаштыкка" шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү "бейбаштыкка" шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 8-февраль күнү милиция кызматкерлерине 44 жаштагы Нарын шаарынын тургуну кайрылган.

"Окуя 8-февраль күнү саат 19:00 чамасында Чолпон-Ата шаарында болгон. Анда Мазда үлгүсүндөгү унаасын айдап бараткан Нарын шаарынын тургунун белгисиз эки адам токтотуп, эч себепсиз ур-токмокко алышкан. Ошол учурда жабырлануучунун жанында аялы жана 6 жаштагы кызы да болгон. Аялы телефон аркылуу милиция чакырганга үлгүргөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы К.Нурдан жана 27 жаштагы Ж. уулу Бактыбек кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турушат. Азыркы тапта кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан