Бишкекте адам өлүмүнө шектелген 50 жаштагы аял кармалды

Бишкекте адам өлүмүнө шектелген 50 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-февраль күнү саат 09:30 чамасында Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги үйлөрдүн биринде 69 жаштагы М.Т. аттуу аялдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, аялдын 13 жеринен жараат алгандыгына байланыштуу, кан көп жоготуп каза болгондугу аныкталган.

"18-февраль күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 50-жаштагы К.З. аттуу аял кармалып, кылган ишин толугу менен моюнуна алган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bubu88
2017-02-21 13:15:09
Кудай сактай көр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан