Англиялык актёр, режиссёр, "Распутин" сериалындагы башкы ролу үчүн "Эмми" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон, BAFTA сыйлыгынын лауреаты Алан Рикман Лондондо туулган. Алан Рикман алгачкы жолу Брюс Уиллис менен биргеликте "Die Hard" тасмасында тартылып, ал фильм 1988-жылы экранга чыккан. Ал эми 1992-жылы жарыкка чыккан "Робин Гуд: Уурулар ханзаадасы" тасмасындагы аткарган ролу менен Алан терс каармандардын мыкты аткаруучусу экенин далилдей алган. Ал эми эң биринчи оң каармандын ролу 1991-жылы көрсөтүлгөн "Ак ниеттүү, алаңгазар, күчтүү" тасмасында берилген. Алан Рикман 50дөн ашык тасмага тартылган. Эң атактуу ролу "Гарри Поттер" тууралуу тасмаларындагы Северус Снеггдин ролу болгон. Андан сырткары "Дворецкий", "Парфюмерчи: Киши өлтүргүчтүн окуясы", "Тоо падышасы" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.