Кабай Карабеков: “Президенттикке талапкерлерди талкуулоо Путиндин иш сапарынын негизги максаты эмес"

“Орусия президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде, президенттикке талапкер тууралуу кыргыз тарап маселе көтөрсө гана талкууланат”, - деген пикирин бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин экс-депутат Кабай Карабеков маалымат жыйында билдирди.

Анын ою боюнча, президенттикке талапкерлерди талкуулоо Путиндин иш сапарынын негизги максаты эмес.

“Кыргыз Республикасы географиялык, саясий жактан да чакан мамлекет болуп саналат. Өлкөлөр менен биз бардык тармакта жакшы мамиледе болушубуз керек. Мамилени бузуу оңой, ал эми куруу кыйын. Башка мамлекеттердин деле башчылары биздин келерки президентибиз ким болоруна кызыкдар. Себеби аларда деле болочоктогу президент менен тил табыша алабы деген маселе турат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине расмий иш сапары менен февраль айынын соңунда келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан