“Оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерин чыгара албайт”, - дейт Кабай Карабеков

“Оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерин чыгара албайт”, - деп 22-февралдагы маалымат жыйында экс-депутат Кабай Карабеков билдирди.

Ал азыркы тапта оппозиция бир чечимге келе албай турганын белгилеп: “Оппозиция бирдиктүү бир талапкер чыгарат деп күтүүгө болбойт”, - деди.

Ал эми экс-депутат Феликс Кулов “Ар-Намыс” партиясынын программасын жактырган талапкер болсо аны колдой турганын айтты.

“Мен оппозиция өкүлү эмесмин. Өткөндө алдыдагы шайлоолор тууралуу форум өткөрүп, мен модератор болгом. Ал жерге бийлик өкүлдөрү келбесе, оппозициянын жыйыны болуп саналбайт. Мага Атамбаев кимди тандай турганы баары бир. Себеби эл тандайт. Мага анын же Текебаевдин программасы жакпаса экөөнө тең каршы чыгам”, - деди Кулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан