Бишкекте автоунаа уурдоого шектелгендер кармалды

Бишкекте автоунаа уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи Май РИИБине 27 жаштагы Н. уулу М. кайрылып, 1-февраль күнү саат 16:00 чамасында көчөдө токтоп турган DAF үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап, качып кетишкен. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган С.К. жана 1975-жылы туулган Б.М. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан