Муфтият: "Ажылык сапарга баруучулардын саны 3 миңден ашты"

Ажылык сапарга баруучулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө кайрылгандардын саны 3903 адамга жетти. Алардын ичинен 2298 адам документтерин толуктоо аракетин көрүүдө. Калган 1605 адам толук кандуу каттоого турушту. Учурда каттоо иштери өлкө аймагындагы 32 пунктта жүргүзүлүп жатат. Сапарга баруучуларга Мусулмандар дин башкармалыгы кеңештерди берип, алардын суроолоруна жооп берип жатабыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, каттоо иштери 6-мартта жыйынтыкталат. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө 4585 адамга орун берилген. Эске салсак, Меккеге ажылык сапарга баруучуларды каттоо үстүбүздөгү жылдын 6-февралында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан