Путинди жала. Екатеринбургда Путиндин келбети түшүрүлгөн таттуулар популярдуу болууда

Екатеринбургдун дүкөндөрүндө Орусиянын президенти Владимир Путиндин башынын формасындай, таякчасы бар "короз момполор" популярдуу болууда. Украина жана Орусия басылмалары таякчадагы таттууларды "Куюп койгондой" деген аталыштагы марка менен кондитердик фабрикалардын бири жасап чыга баштаганын жазып чыкты. "Путинди жала", "Бийликти тиште" деген слогандар жазылган таңгактагы момпосуйлар сатыкка чыккандан тарта талап көп экенин дүкөнчүлөр да баса белгилешкен.

Путиндин "таттуу башы" менен катар Ангела Меркель, Барак Обаманын, канайым Елизаветанын да келбеттери түшүрүлгөн момпосуйларды табууга болот.

Маркетингдин оригиналдуу түрлөрүн ойлоп тапкан өндүрүүчүлөр буга чейин Путиндин элеси түшүрүлгөн футболка, кружка, телефондун каптары сыяктуу буюмдарды да чыгарышып, кыйла каражат тапкандары эсибизде. Ал тургай Орусияда "Путинка" деген спирт ичимдиктери да сатыкка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
palina
2017-02-22 17:06:38
Короз момполорду сагындымго.
0
Ananai
2017-02-22 21:04:46
Орус оюндагысын кылат деп бекеринен айтпышпаган да.Эми биздикилер да буларды туурап кирбесе болду.Адатта кыргыз калкы коргонун кылат го...
0
bolotbeck1983
2017-02-23 04:54:18
Ananai,жок туурайбыз эми, карап отурабызбы!
0
nur_zhoni
2017-02-22 22:13:38
Коркбо бизде мындай момпосуйлар чыгаруучу Завод фабрикалар жок
0
bolotbeck1983
2017-02-23 04:49:39
Бизнеске пайдалуу жана белгилуу адамдардын жарнама болуп популярдуу болуусу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан