Орусияда советтик окумуштуу Михаил Бруверди багып иштеген өзбек аял 3 жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Өзбекстандык Месимба Ажелялова окумуштууну багып иштөө үчүн жумушка орношордо туугандарына бир нече документтердин топтомун көрсөткөн. Арасында медициналык билими бар, жакшы мүнөздөмө жазылган кагаздарга ишенген окумуштуунун балдары аны жумушка алышкан. Брувердин кызынын айтымында ал акыркы күндөрү атасынын денесинен ар түрдүү жаракаттарды, көк алаларды байкаган.
"Бир күнү үйгө барсам атамдын башы канап атыптыр. Багуучудан сурасам жыгылып кетти деп койгон. Анан атам менден колбасага акча берчи деп калды. Муздаткычтан алып жей бер да десем, "тиги аял муздаткычка жолотпой жатат" деди. Карыганда ушинтип калат эмеспи адамдар. Ошентсе да жашыруун көзөмөл орноттурдук. Видеокөзөмөл багуучу аялдын атама жасаган үрөй учура турган иш-аракетин жазып калыптыр", - дейт окумуштуунун кызы.
Укук коргоо органдары бул иш боюнча иликтөө жүргүзүшүп, Ажелялованын ишин сотко өткөргөн. Ошондой эле ал жумушка кирер алдында тапшырган документтин баары жасалма болуп чыккан. Эми аны сот 3 жарым жылга кести.
Эске салсак, советтик окумуштуу Михаил Брувер Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Акыркы учурда ал "Альцгеймер" дарты менен жабыркап калган.