“Кыргыз мамлекети айыл чарба продукцияларынын сапатын көзөмөлдөй албай жатат”, - деп бүгүн, 22-февралда лабораториялар тууралуу өткөн жыйында Евробиримдиктин эксперти Руджеро Малосси билдирди.
Ал азыктарды лабораториялар менен министрликтер биргеликте көзөмөлдөөсү керек экенин айтты.
Ошол эле учурда биримдиктин рыногуна чыгуу үчүн сапат чоң роль ойной турганын кошумчалады.
“Сапат лабораториядан эмес, өндүрүүчүдөн көз каранды”, - деди ал.
Белгилей кетсек, эксперттер Кыргыз мамлекетинин 8 лабораториясынын абалын текшергенде бирөөсүндө гана оңдоп-түзөөлөр болуп, толугу менен аккредитациядан өткөнү аныкталган.