Владимир Путин Бишкекке 28-февралда келет

Орусия президенти Владимир Путин Бишкекке расмий сапары менен 28-февралда келет. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда президенттик аппараттан билдиришти. Сапар алкагында Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, өлкө жетекчилери Кыргыз-Орусия кызматташтыгын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашмакчы.

Кыргыз коомчулугунда Путин Кыргыз Республикасынын кийинки президенти ким болорун чечкени келет деген да пикирлер бар. Бирок Алмазбек Атамбаев "Евроньюска" берген маегинде бул маалыматты четке кагып, кийинки президент ким болорун шайлоодо кыргыз эли чечерин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан