SUPER.KG порталынын эмгек жамааты мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктайт!

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз мамлекетинин жарандарын 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт!

Бүгүн – мекенди сүйүүнүн, баатырдыктын жана эр жүрөктүүлүктүн майрамы. Өзгөчө Куралдуу күчтөрдүн курамында кызмат өтөгөн жана кызмат өтөп жаткан аскерлерди, өз өмүрүн эли-жерин коргоого арнаган офицерлерди, генералдарды куттуктап, алардын эрдиктерин даңазалай турган күн. Эзелтеден элибиз Ата Мекенди коргоону ыйык милдет катары көрүп келген. Эр жигит Ата Журттун ишенген тиреги, эң кыйын сыноолордо майтарылбас кайраттуулуктун, каармандыктын үлгүсү болгон. Мекенди коргоочулар ушул ыйык салтты улап, өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо милдетин ак ниеттик менен аткарат деген ишеничтебиз.

Мекен коргоочуларына ыраазычылык билдирип, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Эгемендүүлүгүбүздү коргоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо салымын кошкон эр жүрөк инсандарыбыз аман болушсун. Майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos777
2017-02-23 11:25:48
Майрамга карата ! Мунапыс бергиле! Рахмат!
0
ofiser26
2017-02-23 15:37:52
Чон рахмат жалпы Супер инфонун эмгек жамааты! Ыраазычылык билдиремин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан