Британиялык актриса Эмили Блант 34 жашка толду. Ал 1983-жылы 23-февралда Лондондо төрөлгөн. Актриса "Дьявол носит Prada", "Моё лето любви" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен. "Дочь Гидеона" тасмасындагы ролу үчүн 2006-жылы "Алтын глобус" сыйлыгына арзыган. Ал эми "Дьявол носит Prada" фильминдеги ролу үчүн 2007-жылы "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына көрсөтүлгөн. 2007-жылы Э.Блант "Война Чарли Уилсона", "Призраки", "Влюбиться в невесту брата" жана "Жизнь по Жейн Остин" фильмдеринде роль жараткан. 2008-жылы "Чистка до блеска", "Великий Бак Ховард"; 2009-жылы "Молодая Виктория", "Путешествия Гулливера" тасмаларына тартылып сыйлыктарга ээ болгон. 2010-жылы "Человек-волк" тасмасында башкы ролдо ойноп, эки жылдан кийин "Петля времени" фантастикалык блокбастерине жана "Рыба моей мечты" аттуу комедияга тартылган. 2014-жылы "Грань будущего" фильминде роль жараткан.
2010-жылы июлда Эмили актёр Жон Красинскиге турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн Хэйзел Грейс Красински жана Вайолет Красински аттуу эки кызы бар.
23-февралга карата жылнаама