Кыргыз ырчыларын Самаркандда өтүүчү эл аралык музыкалык фестивалга чакырышууда. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлиги кабарлады.
"Шарк тароналари" (Чыгыш күүлөрү) эл аралык музыкалык фестивалдын жетекчилиги Кыргыз өлкөсүнүн профессионалдуу жеке ырчыларды жана чыгармачыл музыкалык топторду фестивалга катышууга чакырууда. Фестивалга ар кайсы өлкөлөрдүн искусство чеберлери келип, аларга мыкты сахналарда ырдоого мүмкүнчүлүк берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Фестивалдын максаттары улуттук музыкалык жетишкендиктерди жайылтуу, элдердин улуу салттарын сактоо жана өнүктүрүү, эл аралык чыгармачыл байланыштарды жайылтуу, достукту бекемдөө.
Эл аралык транспорттук каражаттарына кеткен чыгымды жиберип жаткан тарап төлөйт, андан тышкарыларын фестивалдын жетекчилиги жабат.
"Фестивалдын жүрүшүндө улуттук ырды мыкты аткаруу жана инструменталдык музыка боюнча сынак өтөт. Ошондой эле катышуучулар үчүн Самарканд шаары боюнча экскурсия уюштурулат", - деп кошумчалашкан министрликтен.
Катышуучуларды эл аралык калыстар баалашат. Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй сыйлыктар каралган: