ЖЫЛНААМА, 23-ФЕВРАЛЬ: 88 жыл мурун акын Акбар Токтакунов төрөлгөн

Мындан 88 жыл мурун, 1929-жылы 23-февралда акын Акбар Токтакунов Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 1945-жылы колхоздун башкармалыгында катчы болуп иштөөдөн баштаган.

1947-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин кабарчысы, 1948-жылы "Кыргызстан пионери" гезитинде котормочу,
1950-жылы "Жаш Ленинчи" журналында бөлүм башчы, 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналында жооптуу катчы, 1955-жылы "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы, 1959-1961-жылдары башкы редактор болуп иштеген. 1961-1963-жылдары Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курста окуган. 1963-жылы "Мектеп" басмасында бөлүм башчы, 1965-жылдан Кыргыз Академиялык драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы, 1967-1969-жылдары жана 1971-1973-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, "Кыргызстан маданияты" гезитинде бөлүм башчы, "Кыргызстан" басмасында редактор болгон.

Биринчи ырлар жыйнагы "Алгачкы кадам" деген ат менен 1953-жылы чыккан. Корней Чуковскийдин, Демьян Бедныйдын, Сергей Михалковдун, Григорий Медынскийдин, Сергей Баруздиндин жана башка жазуучу-акындардын чыгармаларын которгон. Ошондой эле коллективдүү которулуп басылган поэтикалык жыйнактардын авторлорунун бири. 1952-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы менен сыйланган. 1993-жылы дүйнөдөн кайткан.

23-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан