Жазгы талаа иштерине өлкөдөгү тракторлордун 70 пайызы даяр. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, жалпы республикада 21 925 трактор бар. Бирок бүгүнкү күндө 15 567си гана оңдолуп, ишетегенге даяр.
"Жалал-Абад облусунда 1 690, Ысык-Көл облусунда 2 038, Нарын облусунда 1 050, Талас облусунда 1 393, Ош облусунда 2 623, Баткен облусунда 924, Чүй облусунда 5 849 техника бар", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, өлкө боюнча 8 159 тарктордун сокосу бар болсо, анын 5 693ү гана даярдалды.
Учурда жазгы талаа иштерине карата техникалар оңдолуп жатат.