Бишкекте бир жылдан бери люкта жашаган адамга социалдык камсыздандыруу департаменти жардам бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына Социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздандыруу департаментинин жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы билдирди.
"Биздин департамент буга чейин мындай адамдар менен иш алып барганбыз. Бүгүнкү күндө бул иштер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигине, райондук администрацияларга берилген. Биз бул ишти карабайбыз. Ал эми департамент аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулдарын чектөө боюнча иш алып барабыз. Карылар, балдар үйүндөгү адамдар боюнча иш алып барабыз", - деп билдирди Мелисбек кызы.
Бир жылдан бери люкта жашап документи жок жүргөн Бакыт Мыксыбаевге жардам берүү маселеси боюнча Ленин райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрылдык.
"Анын жумушка жарамдуу экендигин SUPER.KG порталынан окуп билдик. Бирок нормалдуу, акыл эси жайында адам андай жерде жашабайт. Ал спирт ичимдигин ичип, ага байланып калган. Бирок ошентсе да биз адистер менен барып, ал кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Кайсы жакка барып укуктук кеңеш алуу керектигин, кандай аракет кылуу зарылдыгын айтабыз. Анын тиешелүү документтери, кайсы бир даректе каттоосу жок болсо ага документ алып берүү, жумушка жайгаштыруу кыйынга турат. Биз ага паспорт алып берүү боюнча тийиштүү кызматтарга сунуш берген менен алар ага барып паспорт алып бербейт. Ал люкта жатып албай өзү аракет кылышы керек", - деп билдирди башкармалыктын жетекчиси Бүажар Мамбетсейитова.
Борбор калаадагы Интергельпо жана Москва көчөсүнүн кесилишинде Бакыт Мыксыбаев аттуу тургундун бир жылдан бери люкта жашап, желим бөтөлкө сатып жашоосун өткөрүп келгени айтылган.
Кошумчалай кетсек, 13-февралда Социалдык камсыздандыруу департаменти Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 4 небересин жалгыз багып жаткан пенсия жашындагы Мария Атабаевага да жардам бере албастыгын билдиришкен.