ЖЫЛНААМА, 24-ФЕВРАЛЬ: Француз автожарышчысы, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Ален Прост 62 жашка толду

Француз автожарышчысы, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Ален Прост 62 жашка толду. Ал 1955-жылы 24-февралда Франциянын Сен-Шамон шаарында жарык дүйнөгө келген. "Формула-1дин" 13 чемпиондугуна катышып, 1985, 1986, 1989, 1993-жылдары дүйнөнүн чемпиону аталган. 2 ирет экинчи орунду камсыздаган. Автожарышчылык карьерасын жыйынтыктаган соң 1997-жылдан 2001-жылга чейин бар болгон өзүнүн "Prost Grand Prix" командасын түзгөн. А.Прост "Формула-1дин" эң мыкты пилотторунун катарына кирип, "Профессор" деген лакап атка конгон. Ал эми ушул жылы 22-февралда "Рено" командасынын атайын кеңешчиси жана "Renault Sport" аткаруу комитетинин мүчөсү болуп дайындалган.

24-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан