Борбор калаадагы Биринчи Май районунда мыйзамсыз орнотулган жарнама тактайлары алынды

Бишкек шаарынын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мыйзамсыз орнотулган жарнама такталарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясы, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте атайын рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында уруксат документтери жок муниципалдык жерге орнотулган 65 жарнама тактайлары алынган.

"Жарнама тактайларын алуу иштери Чүй кең көчөсү, Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, ошондой эле Жибек жолу көчөсү Манас кең көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Буга чейин аталган жарнама ээлерине бир нече жолу мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу боюнча эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу алуу иштери аткарылды. Мындай аракеттер алдыда дагы улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан