ӨКМ: Кар калың түшкөн Чаткалда азык-түлүк жетиштүү

Кар калың түшкөн Чаткалда азык-түлүк жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана Чаткал айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 23-февралында Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарында биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш азыктары соода түйүндөрдө канчалык жетишпегенин текшерүү максатында жеринде барып соода жайларын тактоо жумуштарын жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Жаңы-Базар айылындагы 32, Курулуш айылындагы 8 жана Ак-Таш айылындагы 7 соода түйүндөрүндө ун, макарон, күрүч, май, чай, эт, жумуртка, сабиз, пияз, картошка жана башка күнүмдүк биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш азыктарынын бардык түрү бар жана жетиштүү экендиги такталды.

Кыскача айта кетсек, Чаткал районунун Чаткал айыл аймагы Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдарынан турат. Айыл аймактын калкы 5657 адам.

- Жаңы-Базар айылында - 2644 адам жашайт, райондун борборунан 25 чакырым алыстыкта турат;

- Курулуш айылында - 1741 адам жашайт, райондун борборунан 32 чакырым алыста;

- Ак-Таш айылында - 1272 адам жашайт, райондун борборунан 50 чакырым алыста турат.

Аталган айылдардагы ички чарбалык автоунаа жол каттамдары ачык жана 20 чакырым алыста турган райондун борбору менен байланышууга толук кандуу шарттар түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан