Өкмөт башчы: Жергиликтүү бийлик ишкерлерге жардам бериши керек

“Жергиликтүү бийлик ишканаларга жана ишкерлерге жардам берип турушу керек”, - деп бүгүн, 24-февралдагы өкмөттүн жыйынында Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, алар тармактык министрлик жана мекемелер менен тыгыз иштөөсү керек.

“Губернаторлор жана акимдер өзүнүн аймактарындагы бардык ишканаларды, анын ичинен өзгөчө экспортко чыгаруучу ишканаларды билүүгө милдеттүү. Ата мекендик продукцияны экспортко чыгарууда алар чоң роль ойношу керек. Экспортту өнүктүрүүдө аймактардын деңгээлинде мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын ишке ашырууну жандандыруу зарыл”, - деди ал.

Өкмөттө 2015-2017-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча өкмөттүн планын аткаруунун жүрүшү боюнча экономика министринин баяндамасы угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан