Аскер Сотунунун мурдагы төрагасына “опузалап акча талап кылуу” жана “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 21-сентябрында Башкы прокуратурага Ш.Б. жана К.Б. аттуу эки жаран кайрылган. Анда Аскер сотунун төрагасы А.Н. ишти оң жакка чечип берүү үчүн 50 миң доллар талап кылганы айтылган. Анын негизинде 2017-жылдын 17-февралында А.Н. кармалып, айыбы угузулган. 19-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралуу алдында турат.