ЖЫЛНААМА, 26-ФЕВРАЛЬ: 215 жыл мурун атактуу француз жазуучусу Виктор Гюго төрөлгөн

Мындан 215 жыл мурун, 1802-жылы 26-февралда француз жазуучусу Виктор Гюго Франциянын Безансон шаарында император Наполеондун генералынын үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы Наполеондун офицери, энеси Нанттагы кеме ээсинин кызы болгон. Анын балалык чагы ар түрдүү жана бири-бирине карама-каршы келген таасирлердин чөйрөсүндө өткөн. В.Гюгонун чыгармачылыгы эрте башталган. Ал 15 жашында Академиядагы акындардын конкурсунда чоң жазуучуларды жеңип чыкса, 17 жашында эң мыкты романдарынын бирин жазып бүткөн. Ал эми 1822-жылы жарыкка чыккан "Одалар" деген айкын реалисттик жыйнагы адабият жагынан атагын чыгарып, падыша тарабынан пенсия алып турууга татыктуу кылган.

25 жашында көрүнүктүү ишмерлердин бири катары адабият кыймылындагы романтизмдин баштоочусу В.Гюгонун Англиядагы буржуазиялык революцияны чагылдырган “Кромвель” (1827) драмасы демократиялык маанайдагы романтиктердин манифести болгон. Июлдагы революциянын таасиринде жазылган “Жаш Францияга карата” (1830) поэмасы революционерлерге арналса, “Париждеги теңир эне Собору” (1831) романында католизмди сындаган.
1851-жылы декабрдагы төңкөрүштөн кийин В.Гюго Франциядан качып кетип, империя кулатылганга чейин Жерси аралында, андан кийин Герспи аралында качып жүрүүгө аргасыз болот. 1870-жылы өз элине кайтып келет да, улуттук чогулуштун мүчөсү болуп шайланган.
Чет мамлекетте жүргөн кезинде “Ойго батуу”, “Кылымдардын легендалары” деген ыр циклдерин түзүп, “Деңиз эмгекчилери”, “Күлүп турган киши” романдарын жазган. Анын “Жазалар” аттуу чыгармасында Наполеон IIIнүн зомбулугун жана анын жардамчылары гана эмес, Наполеонго акчалай жардам берип турган биржачыларды, башка чапса кыңк этпеген армиянын иштерин сындап жазган.
Өмүрүнүн акырында буржуазиялык коомдук-социалдык негиздерин сынга алган “Куугунтук жегендер” (1862), “Токсон үчүнчү жыл” (1874) деген тарыхый романдарын, “Абышка болуунун искусствосу”, “Духтун төрт багыты” ырлар циклин, “Тарквемада” драмасын жазган.
1882-жылы Виктор Гюгонун 80 жашка толгондугун бүткүл эл белгилеп, андан үч жыл өткөндөн кийин 1885-жылы жүрөк оорусунан улам дүйнөдөн кайткан.

26-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан