ЖЫЛНААМА, 26-ФЕВРАЛЬ: Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 63 жашка толду

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 63 жашка толду. Ал 1954-жылы 26-февралда Стамбулда туулган. 1965-жылы Касымпаша Пиале башталгыч мектебин, 1973-жылы Стамбул Имам Хатип лицейин бүтүргөн. Сабактардын айырмасын тапшыруу үчүн экзаменден өтүп, Эйүп лицейинин дипломун алган. Мармара университетинин Экономика жана соода илимдер факультетинде окуп, бул окуу жайын 1982-жылы бүтүргөн.
1969-1982-жылдары профессионалдык эмес футболчу болуп ойногон. Ошол эле мезгилде жаш идеалист катары мамлекеттин ишине жана коомдук маселелерине кызыгып, Режеп Тайип Эрдоган саясат менен алектене баштаган. Лицей жана университетте окуган мезгилинде Улуттук Түркия окуучуларынын биримдигинин студенттер бөлүмдөрүндө иштиктүү түрдө милдет аткарган Режеп Тайип Эрдоган, 1976-жылы "Улуттук Саламат" партиясынын Бейоглу жаштар бөлүмүнүн төрагалыгына жана ошол эле жылы "Улуттук Саламат" партиясынын Стамбул жаштар бөлүмдөрүнүн төрагалыгына шайланган. 1980-жылга чейин бул кызматтарды аткарган Эрдоган “12-сентябрь” учурунда саясий партиялардын жабылышы менен менчик сектордо кеңешчи жана жогорку деңгээлдеги башкарма болуп иштеген.
1983-жылы түзүлгөн "Берекет" партиясы менен чыныгы саясатка кайтып келген Режеп 1984-жылы "Берекет" партиясынын Бейоглу райондук жетечиси, 1985-жылы "Берекет" партиясынын Стамбул областтык жетекчиси жана ошол эле партиянын чечим кабыл алуу жана башкаруу борбордук уюмунун мүчөсү болгон.
Стамбул облустук жетекчилик кызматында башка партиялар үчүн да үлгү болгон жаңы бир уюмдук түзүлүштү өнүктүргөн Эрдоган бул мезгилде, айрыкча, аялдар жана жаштардын саясатка катышуусун арттырууга багытталган иштерди жасаган. Саясаттын негизин кеңейтип, калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу, кадырга жетүү жолунда маанилүү кадамдарды жасаган.
1994-жылы 27-марттагы жергиликтүү шайлоодо Стамбул шаардык бийлигинин төрагасы болуп шайланган. Саясий жөндөмдүүлүгү, командалык ишке маани берүү, адам ресурстары жана каржы тармагын ийгиликтүү башкаруусу менен, дүйнөнүн эң маанилүү метрополдорунун бири болгон Cтамбулдун маселелерин аныктап туура чечим чыгарган. Суу маселеси жүздөгөн чакырымдык жаңы түтүктөрдү төшөө менен, таштанды маселеси болсо заманбап иштеп чыгаруучу ишкананы куруу менен чечилген. Аба булгануу маселеси Эрдогандын заманында табигый газды жүргүзүү долбоору менен соңуна чыкты. Шаардын жол кыймылы жана транспорттун чарасыз абалына каршы 50дөн ашык көпүрө, өтмөк жана айлана жолдор салынган. Муниципалитеттин булактарын туура колдонуу жана паракорчулукту алдын алууга багытталган чукул чара көргөн Эрдоган 2 миллиард доллар карызга малынган Стамбул муниципалитетинин карыздарын төлөгөн жана 4 миллиард доллар инвестицияны ишке жумшаган. Түркиянын муниципалитет ишинин тарыхында жаңы жол ачкан. Ал бир тараптан башка муниципалитеттерге үлгү болуп, экинчи тараптан калктын ишенимине ээ болгон.
Режеп Тайип Эрдоган 1997-жылы 12-декабрда Сииртте элге кайрылуу учурунда бир китептеги ыр окугандыгы үчүн түрмө жазасына тартылган жана Стамбул шаардык бийлигинин төрага кызматынан алынган. Режеп Тайип Эрдоган түрмөдөн чыкканда коомдук пикирдин талабы менен жана өнүккөн демократиялык процессинин бир жыйынтыгы катары 2001-жылы 14-августта жолдоштору менен "Адилет жана Өнүгүү" партиясын (АК партиясын) түзгөн жана уюштуруучу кеңеши тарабынан АК партиянын төрагасы болуп шайланган. АК партияны түзүлгөн жылынан баштап эле Түркия элинин колдоосуна ээ болгон саясий кыймылга айланта алган. 2001-жылы жалпы шайлоолордо парламенттин үчтөн эки бөлүгүн түзгөн көпчүлүк менен бийликке жеткирген.
Тийиштүү соттун чечими болгондуктан, 2002-жылы 3-ноябрдагы шайлоолордо депутатыкка талапкер боло албаган Эрдоган, мыйзамга түзөтүү киргизилгенден кийин, депутатка талапкер болууга мыйзамдык тоскоол жоюлушу менен, 2003-жылы 9-мартта Сиирт аймагынан шайлоого катышкан. Бул шайлоодо добуштардын 85% алган Эрдоган 22-чи мөөнөттөгү Сиирттин депутаты болуп парламентке кирген. 2003-жылы 15-мартта Премьер-министр ишине киришкен жана бир канча реформалардын пакетин кыска мөөнөттө ишке ашырган.
Ошону менен бирге өлкөнүн экономикасы жана коомдук психологиясына жагымсыз таасир тийгизген жана ондогон жылдар бою чечилбеген инфляция маселеси көзөмөлгө алынып, жаңыдан баркка ээ болгон Түрк лирасынын 6 нөлү жоюлган. Мамлекеттик карызынын пайызы азайтылып, киши башына төп келген улуттук киреше өскөн. Өлкөнүн тарыхында мурун болбогондой ылдамдык менен көптөгөн суу сактагычтар, турак жай, мектеп, жол, оорукана жана электростанциялар ишке киргизилген. Бул оң илгерилөөлөр, кээ бир чет өлкөлүк байкоочулар жана батыш лидерлери тарабынан, “Үнсүз ыңкылап” деп аталган. Режеп Тайип Эрдоган, Европа Биримдигине кирүү процессинде өлкөнүн ийгиликтүү ишкердүүлүгүнө кошумча катары рационалдуу тышкы саясат жана жыш катышуу менен Кипр маселеси боюнча туруктуу чечимге келүү жана дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрү менен натыйжалуу байланыштарды өнүктүрүү багытында маанилүү кадамдарды жасаган. Түркиянын соода көлөмү жана саясий күчү, жайгашкан географиялык чөлкөмдө гана эмес, эл аралык чөйрөдө да көзгө урунарлык деңгээлге арткан.
Режеп Тайип Эрдоган 2007-жылы 22-июлда жалпы шайлоодо 46,6% добуш менен чоң жеңишке ээ болуп, АК партиянын Төрагасы катары Түркия Республикасынын 60-чы өкмөтүн түзгөн жана кайра ишеним вотумуна ээ болгон.
2014-жылдын 10-августунда Түркияда президенттик шайлоо өтүп, Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишкен. 2014-жылдын 28-августунда Премьер-министрлик орунду бошотуп, ошол эле күнү өлкөнүн президенти катары расмий ишин баштаган.

26-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан