ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров 56 жашка толду

Кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров 56 жашка толду. Ал 1961-жылы 27-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институтун аяктап, мектеп мугалими болуп эмгектенген.

1988-жылы Эрнест Абдыжапаров "Көрөгөч" киножурналынын директорунун ордун ээлеген. 1992-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясынын редактору, кийинки жылы жаштардын "Умай" чыгармачылык фондун жетектеп баштаган. Ал эми 1999-жылы өзүнүн студиясын ачып, жетектей баштайт. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин кинематографисттердин союзунун катчысы, 2001-жылдан 2002-жылга чейин "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору болуп эмгектенген. Эрнест Абдыжапаровдун тасмалары 20дан ашык эл аралык фестивалдарга катышкан. Алсак, "Таранчы" кыскаметраждуу тасмасы бир нече фестивалдардын жана эл аралык кинематографиялык уюмдардын сыйлыктарын топтогон.
Режиссёрдун тасмалары:
1993 - "Менин Пирим Алманбет"
1995 - "Таранчы"
1995 - "Беш-терек"
1995 - "Хрупкий лес"
1996 - "Подземный переход"
1997 - "Альгамбра"
2000 - "Остановка"
2000 - "Босого"
2001 - "Обезьяна Актана"
2002 - "Мария, дочь Моисея"
2004 - "Саратан"
2007 - "Боз салкын"
2009 - "Город мечты"
2009 - "Уурунун махабаты"
2010 - "Гаишники, фильм 11: Иссык-кульский бешбармак"
2011 - "Күкүк Шахра"
2013 - "До+Фа"
2013 - "Такси жана телефон
2015 - "Кекеч" жана башкалар.

27-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан