Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан Рахат Сулайманов билдирди.
"Учурда Алманбет Шыкмаматов сурак берип жатат. Качан чыгары белгисиз. Азырынча башка маалымат айта албайм", - деп билдирди Сулайманов.
Эске салсак Шыкмаматов бүгүн УКМКнын имаратына саат 15:00дө сурак берүүгө кирип кеткен.
Маалым болгондой 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. Андан соң ал "Мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди мыйзам чегинде далилдейм. Сурак дагы уланат" деп айткан.