Балыкчы шаарында төрөлгөн 2 айлык Данил Саматов оор абалда Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилген. Анын абалы учурда канаатандырарлык. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Данилдин апасы Замира Саматова билдирди.
Белгилей кетсек, 17-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы пневмониянын (өпкөнүн кагынышы) оор түрү менен ооруган 2 айлык наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен "Тез жардам" көрсөтүү кызматы дарыгерлери менен Балыкчыга жөнөтүлгөнүн билдирген.