Шоумен Бакыт Байсариев 16-апрелде түгөйү Алия Асаналиевага мыйзамдуу түрдө баш кошуп, борбордогу ресторандардын биринде үлпөт тою менен бирге кызынын жентек тоюн өткөрдү. Үйлөнүү тоюнун урматына жубайына 2 сулуулук салонун белек кылган Бакыт мырза: "Аялым Жастин Бибер дегенде чалкасынан жата калат. Бирок мен аны кызганбайм. Негизи жубайым иштетиле элек алмаз, иштелип чыкса бриллиант болот", - дейт.
Жаш жубайлардын кызыктуу маегин "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санынан (№755, 21-апрель, 2017-жыл) окуй аласыз.